Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран менен АКШ эки жумага элдешти, Трамп Тегерандын талаптарын кабыл алды

  • Башкы жаңылыктар
  • 08.04.2026 10:13

Loading

АКШ президенти Дональд Трамп Иран аймагын бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирди. Анын айтымында, бул чечим Шахбаз Шариф жана Асим Мунир менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. Ошондой эле негизги шарт катары Ормуз кысыгы толук, дароо жана коопсуз ачылышы белгиленген.

Дональд Трамптын билдирүүсүнүн толук тексти:

«Премьер-министр Шахбаз Шариф жана фельдмаршал Асим Мунир менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде, алар бүгүн кечинде Иранга багытталган кыйратуучу күчтү токтотууну өтүнүшкөндүктөн жана Иран Ислам Республикасы Ормуз кысыгын ТОЛУК, ДАРОО жана КООПСУЗ ачууга макул болгон шартта, мен Иранга каршы бомбалоолорду жана чабуулдарды эки жумага токтотууга макулмун. Бул эки тараптуу ОТТОН ТОКТОТУУ болот!

Тема боюнча

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026

Бул чечимдин себеби — биз бардык аскердик максаттарга жеттик жана ашыра аткардык, ошондой эле Иран менен узак мөөнөттүү ТЫНЧТЫК келишимине жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга олуттуу жакындадык.

Биз Иран тарабынан сунушталган 10 пункттан турган планды алдык жана аны сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары карап жатабыз. Мурдагы талаш маселелердин дээрлик бардыгы АКШ менен Ирандын ортосунда макулдашылган, ал эми эки жумалык мөөнөт келишимди толук жыйынтыктап, бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

АКШнын президенти катары жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн атынан айта кетем: бул көп жылдык көйгөйдү чечүүгө ушунчалык жакын болгонум мен үчүн чоң сыймык. Рахмат!»

Ак үй Иранга каршы соккулар буга чейин эле токтотулганын ырастады. АКШнын Борбордук командачылыгы билдиргендей, жаңжал башталгандан бери 13 миңден ашык бута жок кылынган.

Америкалык тараптын маалыматы боюнча, ок атышууну токтотуу режими Израильге да тиешелүү. Вашингтондун билдирүүсүндө, Израилдин жетекчилиги сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде соккуларды убактылуу токтотууга макул болгону айтылат, бирок Тель-Авив бул чечимди этияттык менен кабыл алууда.

Өз кезегинде Иран өзүнүн 10 пункттан турган жөнгө салуу планын сунуштап, аны Пакистан аркылуу америкалык тарапка өткөрүп берген. Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңеши билдиргендей, документ төмөнкүлөрдү камтыйт:

— Ормуз кысыгы аркылуу көзөмөлдөнгөн өтүү, Ирандын куралдуу күчтөрү менен координацияда;
— «каршылык огу» деп аталган тараптарга каршы аскердик аракеттерди токтотуу;
— аймактагы бардык америкалык аскер базаларынан аскерлерди чыгаруу;
— Ормуз кысыгында коопсуз кеме жүрүшү боюнча протокол түзүү (Ирандын көзөмөлүндө);
— Иранга компенсация төлөө;
— бардык санкцияларды жана эл аралык чектөөлөрдү алып салуу;
— чет өлкөлөрдөгү ирандык активдерди бошотуу;
— макулдашууларды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин милдеттүү резолюциясы менен бекемдөө.

Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи элдешүү мезгилинде Иран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүшүн координациялай турганын билдирди. Тегеранда жетишилген макулдашуулар «стратегиялык жеңиш» катары бааланууда, ошол эле учурда алар бузулган учурда катуу жооп кайтарууга даяр экенин белгилешти.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф дароо ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенин ырастады жана тараптар Исламабад шаарына сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн чакырылганын билдирди. Анын айтымында, жолугушуу 10-апрелде өтүшү мүмкүн жана келишимди акыркы этапка чыгаруу үчүн негиз болот.

Ошентип, жарыяланган элдешүү аскердик фазадан саясий процесске өтүү үчүн убактылуу мүмкүнчүлүк катары каралууда. Бул процесс жакынкы келечекте аймактагы коопсуздук архитектурасын аныкташы мүмкүн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАКШ менен Израилдин Иранга чабуулуиран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

Ормуз кысыгында дагы үч танкер минага кабылып, өрттөндү

24.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026
Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясында төрт террордук топтун уюгу жок кылынып, 27 адам кармалды

24.11.2026
Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

Ирандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктери: Исфахан шаарындагы «Саламаттыкты сактоо шаарчасы». Видео

24.11.2026
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүк орундар боюнча демократтар рекорд жасашты

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

АКШ менен Иран жаңы согуштун босогосунда: Трамп чечим кабыл алууну эмне үчүн кечеңдетип жатат?

23.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.