Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Улуттук өнүктүрүү фондунун чет элдик инвестициялар боюнча вице-президенти Хоссейн Эйвазлоу менен жолукту.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга аталган фонддун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты.
Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле тиешелүү ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн арттыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы экспорттук-импорттук мамилелердин деңгээлин жогорулатуу боюнча пикир алмашышты.
Эйвазлоу экономиканын деңгээлин көтөрүү жана инвестициялык кызматташтыкка багытталган иштерди жүзөгө ашыруу максатында транспорт, логистика, айыл чарба, мал чарбасы жана башка тармактар боюнча эки жана көп тараптуу инвестициялык долбоорлор менен иштөөнү сунуштады.
Иран тарап бул контексте биргелешкен жумуштарды жасоого даярдыгын билдирди.
Өз кезегинде Сыдыков айтылган сунуштарды колдоп, жогоруда белгиленген долбоорлорду Кыргызстанда жүзөгө ашыруу үчүн кыргыз-иран өнүктүрүү фондун түзүү процессин тездетүүнЇ сунуштап, тиешелүү меморандумдун долбоорун кол коюуга даярдоо зарыл экенин айткан.
Жолугушуунун жыйынтыгында аталган меморандумга кол коюуга даярдык көрүү боюнча жакынкы күндөрү эки өлкөнүн жооптуу ведомстволорунун эксперттеринин онлайн-жолугушуусун өткөрүү макулдашылды.