Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри шейх Абдалла ибн Заид Аль Нахайян менен телефондон сүйлөшүп, өлкөсү селден жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
“Eurasia Today” маалымдагандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты.
Абдоллахиан маектешине БАЭде болгон ири селге байланыштуу өкүнүчүн билдирип, Ислам республикасы селден жабыркаган элге жардам берүүгө даяр экенин айтты.
Эске салсак, 17-апрелде БАЭде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолдорду, имараттарды, метро станцияларын, аба майдандарды суу каптап, бир катар аэропорттордун анын ичинде Дубай аэропортунун иши үзгүлтүккө учураган. Селден улам мамлекеттик мекемелер, мектептер жана университеттер аралыктан иштөөгө жана окууга өтүшкөн.
БАЭнин ТИМ башчысы өз кезегинде өлкөсү Иран менен бардык тармактарда эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүгө умтуларын белгиледи.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана биргелешкен экономикалык жана консулдук комитеттерди үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Газа тилкесиндеги акыркы кырдаалды жана Израилдин Палестина элине каршы жасаган кылмыштарынын уланышын талкуулашып, бул кылмыштарды тез арада токтотуу жана гуманитардык жардам жөнөтүүнү тездетүү зарылдыгын белгилешти.


















