“Америка Кошмо Штаттары Израилдин Иран Ислам Республикасына каршы агрессиясынын ар кандай аракеттерин тутантуудагы ролу үчүн, аймактык жана эл аралык тынчтык, коопсуздук менен катастрофалык кесепеттер үчүн толук жоопкерчилик тартат”.
Бул тууралуу Интерфакс агенттиги билдиргендей, Ирандын миссиясынын БУУнун Коопсуздук кеңешине жиберген катында айтылат.
Ирандын миссиясы АКШ президенти Жо Байденди 18-октябрда Берлинде өткөн брифингде айткан сөздөрү үчүн “Унчукпай колдогон” жана “Израилдин Иранга каршы ракеталык чабуулуна жооп берүү үчүн аскердик агрессиясын ачык колдоп жатат”,- деп айыптады.
Катта Ирандын БУУдагы миссиясы ошондой эле Коопсуздук Кеңешин «бул ойлонбогон чагымчылдыкты талашсыз айыптоого» жана АКШдан Газадагы согушту, Ливандагы чабуулдарды токтоосуз токтотууга «Израилди мажбурлоо үчүн олуттуу таасирин колдонууну» талап кылууга чакырды.
1-октябрда Ислам революциясынын сакчылар корпусу “Чындык убада 2” операциясынын алкагында Израилге көп сандагы ракеталарды учурган. Израиль армиясы кол салууга туура көргөн учурда жооп берерин билдирүүдө.
















