Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Хатибзаде АКШнын кургактагы аскерлерин Иранга жөнөтүү «экинчи Вьетнам согушу» болуп каларын билдирди. Бул тууралуу ал Sky News телеканалына берген маегинде айтты.
Дипломаттан америкалык деңиз жөө аскерлеринин буту Иран аймагына тийсе эмне болору суралган. «Вьетнамда эмне болгонун окуп көргүлө», — деп жооп берди ал. Хатибзаде кошумчалагандай, АКШнын кургактагы аскерлерин жайгаштыруу Тегеран тарабынан «ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз, мыйзамсыз жана эл аралык укуктун бардык нормаларына каршы келген кадам» катары бааланат.
Буга чейин БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү Майк Уолтц Ирандагы жаңжал Ирактагыдай кең масштабдуу интервенцияга айланбай турганын билдирген. Бирок ал зарылчылык жаралса, чектелген кургактагы операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Мындан мурда Bloomberg агенттиги европалык жогорку деңгээлдеги булактарга таянып, Дональд Трамп «Чоң жетилик» өлкөлөрүнүн союздаштарына Ирандагы аскердик операциянын максаттарын так түшүндүрө албаганын жазган. Булактардын айтымында, АКШ президентинин америкалык-ирандык конфликттин аягы тууралуу ойлору «түшүнбөстүк жана таң калуу жараткан көрүнүштү» түзөт.


















