Тегеран толук компенсация талап кылууну көздөп жатат, анын ичинде жарандык инфраструктурага келтирилген зыян жана мектеп окуучу кыздардын каза болушу да бар.
Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Фатма Мухаджерани алдын ала эсептөөлөр боюнча, АКШ жана Израиль жүргүзгөн чабуулдардын зыяны болжол менен 270 миллиард долларды түзөрүн билдирди.
Ал RIA Novosti агенттигине берген маегинде согуштук репарациялар маселеси Ирандын сүйлөшүү делегациясы тарабынан Исламабаддагы жолугушууларда, ошондой эле мурда президент Масуд Пезешкиан тарабынан бир нече аянтчаларда көтөрүлгөнүн айтты.
Анын айтымында, тиешелүү мекемелер согуштун натыйжасында ар түрдүү тармактарда келтирилген зыян боюнча алдын ала баалоо жүргүзүшкөн.
Иран өкүлү белгилегендей, баштапкы эсептөөлөргө ылайык, жалпы компенсация көлөмү болжол менен 270 миллиард долларды түзөт. Бирок акыркы сумма ыйгарым укуктуу органдар тарабынан расмий түрдө кийинчерээк аныкталат.
Мухаджерани ошондой эле компенсация жарандык имараттарга, соода объектилерине жана өнөр жай ишканаларына келтирилген зыянды камтый турганын айтты. Мындан тышкары, Минаб шаарындагы мектепке жасалган чабуулда каза болгон окуучу кыздардын укуктары да эске алынат.
Буга чейин Тегерандын бийлиги 8-апрелде АКШ менен ок атышууну токтотуу жарыялангандан кийин талкуулана турган 10 маселени атаган. Алардын ичинде Иранга келтирилген зыянды толук өндүрүп алуу талабы да бар.


















