Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү 12-апрелде Оманда башталат.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи Х соцтармактагы баракчасынан билдирди.
“Иран менен АКШ жогорку деңгээлдеги кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн ишемби күнү Оманда жолугушат. Бул мүмкүнчүлүк жана ошондой эле сыноо. Топ Америка тарапта”, – деп билдирди Арагчи.
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү кечинде Ак үйдө: “Биз Иран менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ишембиде маанилүү жолугушуубуз болот, жаңы келишимге жетишүү жакшыраак болорун баарыбыз билебиз”, – деп билдирген.
Трамп “Иран менен түз сүйлөшүүлөр” жана бул сүйлөшүүлөрдүн деңгээли тууралуу суроого мындай деген: “Бул сүйлөшүүлөрдүн деңгээли абдан жогору. Ишемби күнү маанилүү жолугушуубуз болот жана ал түз сүйлөшүү болот. Балким, биз бир келишимге жетише алабыз. Бул келишим Иран үчүн абдан жакшы болот. Ишемби күнкү жолугушуу мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлде болот”.
27-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Трамптын жазган катына расмий жоопту Оман аркылуу жөнөткөнүн билдирген. Министрдин айтымында, жоопто эки документ бар. Биринчисинде Тегерандын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга көз карашы белгиленсе, экинчисинде Трамптын катында камтылган тезистерге толук комментарий берилген.
Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран Трампка жазган жооп катында Вашингтон менен өзөктүк программа маселеси боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын, бирок ортомчулар аркылуу кыйыр диалогду улантуу дагы деле мүмкүн экенин билдирген.
30-мартта Трамп NBC News телеканалына берген маегинде эгерде АКШ менен Иран өзөктүк программа боюнча келишимге жетише албаса, Иран болуп көрбөгөндөй бомбалоого туш болорун айтып коркуткан.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Орозо айт намазында сүйлөгөн сөзүндө Трамптын Ирандын дарегине айткан акыркы коркутууларына жооп берип, эгер душмандар Иранга каршы жамандык жасаса, алар сөзсүз түрдө катаал жооп алышарын эскерткен.
Өзөктүк келишим
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
АКШнын мурдагы лидери Жо Байден Вашингтонду өзөктүк келишимге кайтарууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. 2021-жылдын апрелинен бери Россия, Улуу Британия, Германия, Кытай, АКШ жана Франция Венада Иран тарап менен өзөктүк келишимди баштапкы түрүндө калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 2022-жылдын 10-ноябрында МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жыйынтыксыз аяктаганын билдирген.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Женевада Иран менен “европалык үчтүк” өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия жана Франция) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы өткөн. Анда тараптар Ирандын өзөктүк программасы жана Тегеранга каршы санкцияларды алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

















