Индия Канададан 10-октябрга чейин 40ка жакын дипломатын чакыртып алууну талап кылды. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити маалымдар булактарына таянуу менен жазды.
«Нью-Дели Оттавага 10-октябрга чейин 40ка жакын дипломатын кайтарып алышы керектигин билдирди», — деп жазат гезит.
Маалыматка караганда, Индия белгиленген мөөнөттөн кийин калган дипломаттардан дипломатиялык иммунитет алынарын билдирген.
Маалымат булактарынын бири Индияда 62 канадалык дипломат иштеп жатканын тактап, Нью-Дели алардын 41ин чакыртып алууну талап кылып жатканын маалымдады.
Дипломатиялык чырдын чоо-жайы
Канада менен Индиянын ортосундагы чыңалуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо укук коргоо кызматкерлери Индиянын бийликтерин Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы сикх жамаатынын лидери Хардип Сингх Нижардын июнь айында белгисиз бирөөлөр атып кеткендигине тиешеси бар деп шектенип жатканын билдиргенден кийин күчөдү.
Трюдонун билдирүүсүнөн көп өтпөй Канада Индиянын жогорку даражалуу дипломатын өлкөдөн чыгарып жиберди, ал маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Индиянын тышкы чалгындоо кызматы менен байланышта болгон.
Дипломатын өлкөдөн чыгарууга жооп кылып, Индиянын бийликтери дагы ушундай эле жооп чарасын жарыялап, андан беш күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү суранышты. Ошондой эле Индиянын Тышкы иштер министрлиги Канададагы өз жарандарына «антииндиялык активдүүлүк күчөп жаткандыктан, өтө этият болууга» чакырды.