Нью-Делиде булуттарды атайын бөлүкчөлөр менен себүү жолу аркылуу жамгыр чакыруу боюнча эксперимент ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул тууралуу Индиянын улуттук борбордук округунун (анын курамына Нью-Дели кирет) башкы министри Рекха Гупта Х социалдык тармагында билдирди.
“Делиде биринчи жолу булуттарды себүү жолу менен жасалма жамгыр чакыруу боюнча даярдык аяктады. Бул борбор калаанын абанын булганышына каршы күрөштөгү маанилүү технологиялык жетишкендик болуп калды. Бейшемби күнү адистер Бурари аймагында экспериментти ийгиликтүү өткөрүштү”, — деп жазды ал.
Гупта кошумчалагандай, метеорологиялык башкармалыктын маалыматына караганда, 28, 29 жана 30-октябрда ала булут каптоосу күтүлүүдө. Эгерде аба ырайы ылайыктуу болсо, 29-октябрда Делиде биринчи жасалма жамгыр жаашы мүмкүн.
Өкмөт бул жаңылыктын жардамы менен борбордун абасын тазалоону жана экологиялык балансты калыбына келтирүүнү максат кылууда.
Ар жылы күз мезгилинде Индиянын борбор калаасында абанын сапаты кескин начарлайт. Делиге чектеш Пенджаб жана Харьяна штаттарында, өлкөнүн түндүгүндөгү негизги айыл чарба аймактарында, жылына орто эсеп менен 18 миллион тонна күрүч өндүрүлөт. Октябрь–ноябрь айларында түшүм жыйноодон кийин расмий тыюуга карабастан дыйкандар талааларда же алардын жанында 20 миллион тоннадан ашуун саманды өрттөшөт. Натыйжада борборду каптаган ыш пайда болот. Мындан тышкары, күз айларында Делиде шамалсыз аба ырайы өкүм сүрөт.
2025-жылы 20-октябрда белгиленген Дивали майрамынан кийин Дели катуу ыш астында калды. Индиянын жаңы жылы катары белгиленген бул майрам учурунда пиротехника кеңири колдонулуп, абанын сапаты “өтө кооптуу” деңгээлге чейин төмөндөгөн.



















