Индиянын түндүгүндөгү диний иш-чара учурунда 116 киши тыгында калып каза тапты, алардын көбү аялдар жана балдар. Бул тууралуу Hindustan Times штаттын полициясына шилтеме берүү менен билдирди.
Бул трагедия Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатынын Хатрас шаарында 2-июнь күнү болду.
Окуя динаятчы Бхоле Бабынын кайрылуусунан кийин болгон. Күбөлөрдүн биринин айтымында, тыгын диний иш-чара аяктап, баары чогулган жерден чыга баштаганда жаралган. Уюштуруучулар 5000дей адамды кабыл алууга уруксат алышкан, бирок иш-чарага 15000ден ашуун адам келген.
Окуянын так себеби такталууда. Штаттын полиция башчысы 80ден ашуун адам жарадар болуп, ооруканаларга жеткирилгенин билдирди.
Ал ошондой эле Агра полициясынын комиссары жана Алигарх комиссарынын жетекчилиги астында окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.




















