Индия 2025-жылдын февраль айында 2,338 миллиард долларга алтын импорттоду, деп билдирет өлкөнүн Соода жана өнөр жай министрлиги.
Бул 2024-жылдын февралына салыштырмалуу 62%га, ал эми 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 13%га аз экенин Интерфакс жазды.
Жыл башынан бери, январь-февраль айларында Индиянын алтын импорту 5,025 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38%га азайган.
2024-жылы Индия 812 тонна алтын импорттоп, ага 58,096 миллиард доллар сарптаган.
Индия дүйнөдөгү эң ири алтын керектөөчүлөрдүн бири болуп саналат, бирок өлкөдө анын өндүрүлүшү дээрлик жок.



















