Жон А. Полсон атындагы Гарвард инженердик жана колдонмо илимдер мектебинин изилдөөчүлөрү баш мээнин жана жүлүндүн калыптанышына алып келген нерв пластинкасына имплантациялоого боло турган жука, жумшак жана сунулма биоэлектрондук түзмөк иштеп чыгышты.
Бул иш Nature журналында жарыяланды.
«Аутизм, биполярдык бузулуу, шизофрения – мунун баары мээнин өнүгүшүнүн эң алгачкы этаптарында эле пайда болушу мүмкүн», – деп белгиледи биоинженерия профессору Цзя Лю. – «Учурда бул этаптарда нейрондордун активдүүлүгүн өлчөй турган технологиялар жок. Биздин ишибиз так ушул изилденбеген багытты ачат».
Изилдөөчүлөр фторлуу эластомерлер негизиндеги биоэлектрондук түзмөк жасашты. Бул материалдар тирүү ткандардай жумшак болгону менен, бышык жана бир нече сенсорду камтый алат. Алардын жардамы менен имплант мээге «аралашып», анын табигый өнүгүүсүнө ылайыкташып, нерв системасынын ичке түзүлүшүнөн баштап 3D мээ түзүлүшүнө чейинки бардык эмбрионалдык этаптарда нейрон активдүүлүгүн байкап турат.
Мурун мындай технологиялар органоиддерде – табакчада өстүрүлгөн стволдук клеткалардан алынган мини-органдарда сыноодон өтчү. Бирок тирүү амфибия эмбриондору менен иштөө кыйыныраак болуп чыкты: баштапкы стадиядагы баш мээ тканы органоиддик үлгүлөргө караганда да жумшак экендигине байланыштуу, түзмөктүн материалын жана түзүлүшүн толук өзгөртүү талап кылынды.
«Эгер биз мээнин өнүгүү процессинин өзү менен иштесек, сенсорлорду мээнин бүтүндөй 3D түзүлүшү боюнча жайгаштырып, убакыт өтүшү менен нейрондордун активдүүлүгү кантип өзгөрөрүн инвазивсиз байкай алабыз. Буга чейин мындай эч ким жасаган эмес», – деп белгилейт Лю.
Бул изилдөө мээни изилдөөнүн жаңы ыкмаларына, нейропсихикалык ооруларды эрте аныктоого жана жаңы муундагы жогорку тактыктагы «мээ-машина» интерфейстерин түзүүгө жол ачат.

















