Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск 2025-жылдын аягына чейин беш миң Optimus роботун чыгарууну пландап жатканын X социалдык тармагына жарыялады.
Teslaнын кварталдык жыйынтыгын презентациялоо учурунда Маск Tesla пландаштырылган 10 000 бирдиктин жарымын сатса, муну чоң жетишкендик деп эсептей турганын белгиледи.
Ал кошумчалагандай, беш миң робот – Рим легионунун чоңдугуна барабар.
“Менимче, биз түзмө-түз легион курабыз. Быйыл жок дегенде бир легион роботтор, андан кийин келерки жылы 10 легион болушу мүмкүн”,- деди Маск.
Ал робототехника өндүрүшү Тesla үчүн таптакыр жаңы иш чөйрөсү экенин белгилеп, натыйжада компания сөзсүз каталарга туш болорун да айтып өттү.
Бирок, ал бул роботторду Тtslaнын эң келечектүү активи деп атап, айлана-чөйрөнү кабыл алууга жана берилген тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү интеллектуалдык гуманоид роботторду түзүүнүн маанисин ашыкча баалоо кыйын экенин баса белгиледи.
Эске сала кетсек, 15-мартта Маск Теslaнын Optimus роботун ташыган космостук кеме 2026-жылдын аягында Марска учарын жарыялаган.
Ал белгилегендей, бул учуу ийгиликтүү болсо, адамдардын планетага конушу 2029-2031-жылдары башталышы мүмкүн.




















