Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөргөн президенттик шайлоодо 92,05% добуш менен жеңишке жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 93%ынын маалыматтарын санап чыккандан кийин билдирди.
БШКнын жетекчиси Мазахир Панаховдун айтымында, экинчи орунду 2,1% менен парламент депутаты, өзүн өзү көрсөткөн талапкер Захид Оруж ээлеген. Ал кошумчалагандай, бул жолку шайлоого 4 миллион 971 миң шайлоочу катышып, жалпы добуш берүүчүлөрдүн 76,73%ын түздү дегенди билдирген.
Мамлекет башчылыгына жети талапкер ат салышкан, анын ичинде И.Алиев бешинчи жолу ат салышты. 2018-жылдагы шайлоодо аны шайлоочулардын 86,22% колдоп, добуш берүүчүлөрдүн 74,5% колдогон.

Ал эми Алиевдин “оппоненттери” өкмөтчүл саясатчылар болгон, алар парламентте отуруп, президентти эч качан сындаган эмес деген сындар айтылууда. Алар теледебаттарда анын жетишкендиктерин, биринчи кезекте аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүүнү мактап келишкен. Алиев өзү дебатка мурда да катышкан эмес, азыр да катышкан жок.
Азербайжандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Алиевди шайлоодогу жеңиши менен башкалардын арасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркиянын президенти Эрдоган, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин куттукташты.
Илхам Алиевдин бир нече миңдеген тарапкерлери Бакунун борбордук көчөлөрүнө чыгып: “Карабакты боштондукка чыгаруучу!”, “Биз сени менен сыймыктанабыз!”,-деген плакаттарды көтөрүп, атайын акция өткөрүштү.

Эске салсак, Алиев Азербайжанды 2003-жылдын октябрь айынан бери башкарып келет. Анын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечими – өлкө башына келгенинин 20 жылдыгына карата кабыл алганы кабарланган.


















