Йемендин «Ансар Аллах» кыймылынан чыккан хуситтер Израил армиясынын Башкы штабынын имаратын Тель-Авивде дрондор аркылуу алгач ирет аткылашканын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын аскердик өкүлү Яхья Сария Al Masirah телеканалы аркылуу жарыялады.
Анын айтымында, соккуларга Бен-Гурион аэропорту, Ашдод деңиз порту жана Тель-Авивдеги электр станциясы да туш болгон.
27-августта хуситтер Бен-Гурион аэропортуна баллистикалык ракета менен сокку урганын билдиришкен. Алардын айтымында, чабуул «Палестина-2» үлгүсүндөгү гиперүндүү ракета менен ишке ашкан.
12-августта Al Masirah телеканалы кыймылдын күчтөрү Израилдин аймагындагы «стратегиялык объектилерге» сокку урганын кабарлаган. Алты учкучсуз учуучу аппарат Хайфа, Негев, Эйлат жана Беэр-Шева райондорундагы төрт стратегиялык объектилерге чабуул жасаган. Маалыматтарга караганда, бардык максаттар ийгиликтүү бутага алынган.
Буга чейин Катар ХАМАС менен Израилдин кагылышуусу боюнча пикирин билдирген.


















