Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Израилдин бийликтери Газа тилкесиндеги “аскердик кылмыштар” жана “адамзатка каршы кылмыштар” үчүн жооптуу деп ырастайт, деп айтылат уюмдун докладында.
“Израиль бийликтери 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы палестиналык жарандарды масштабдуу, атайылап мажбурлап көчүрүштү жана аскердик кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жооптуу”, – деп айтылат уюмдун сайтындагы билдирүүдө.
Уюмдун ырастоосунда, “Израилдин Газанын дээрлик бардык калкын массалык түрдө жер которуштуруусун” актай турган эч кандай аскерий себептер жок.
Мындан тышкары, HRW иликтөөсү израилдик аскерлердин палестиналыктарды эвакуациялоо буйругу карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна «олуттуу зыян келтиргенин» көрсөткөн.
“Өкмөттөр максаттуу санкцияларды жана башка чараларды көрүп, Израилге курал сатууну токтотушу керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Уюм Эл аралык кылмыш сотун Израилдин палестиналыктарды мажбурлап жер которуусун жана алардын Газага кайтып келүү укугун четке кагышын «адамзатка каршы кылмыш» катары иликтөөгө чакырды.
Израил 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын чабуулунан кийин Газа тилкесинде бир жылдан ашык убакыттан бери аскердик аракеттерди жүргүзүп, Ливандагы “Хезболлага” да сокку урууда. Бир ай мурун Израилдин аскерлери Ливандын түштүгүндө Израил менен чектеш аймактарда “Хезболла” күчтөрүнө каршы операциясын баштаган.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кагылышуу башталгандан бери анклавда 43,5 миңден ашуун палестиналык набыт болуп, 102 миңден ашууну жарадар болгон.


















