Ливандын “Хезболла” кыймылы Израилдин Ливандагы кургактагы операциясына даяр экенин кыймылдын башкы катчысынын орун басары Наим Касем билдирди.
Буга чейин “Хезболла” кыймылы Израилдин аба соккусунун натыйжасында Бейруттун түштүк четине жасаган соккусунан анын баш катчысы Хасан Насрулла өлгөнүн ырастаган.
“Эгер Израиль кургактыктан операция жасоону чечсе, каршылык көрсөтүү күчтөрү кургактан басып кирүүгө даяр болот. Биз даярдандык жана Кудайдын жардамы менен израилдик душман өз максаттарына жетпейт жана бул согушта биз жеңебиз деп ишенебиз”, – деди Касем.
Ал “Хезболла” Газа тилкесин колдоону уланта турганын кошумчалады.
“Исламий каршылык кыймылы (Хезболла) Газа жана Палестинаны колдоо, Ливан менен анын элин коргоо жана өлтүрүүлөргө жооп берүү үчүн израилдик душманка каршы турууну улантат»,- деди Касем.
23-сентябрда Израиль армиясынын Башкы штабы Ливанга каршы “Түндүк жебелери” аттуу операциясын баштаган. Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарында “Хезболла” кыймылынын буталарына массалык сокку урууда. Бейрутта да бир нече максаттуу аба соккулары катталып, анын натыйжасында “Хезболланын” жогорку даражалуу командирлери, ошондой эле кыймылдын баш катчысы Хасан Насрулла жок кылынды.
Азыркы тапка чейин Израиль армиясы “Хезболланын” бир нече миң объектилерине сокку урганын кабарлады.


















