Ирандын шейит кеткен экинчи Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин кыркылыгына карата өлкө боюнча эскерүү иш-чаралары массалык түрдө өтүп жатат. Ирандыктар маркум лидерди урматтоо менен эскерип жатышат.
28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда шейит кеткен Хеменеинин кыркылыгы АКШ менен эки жумалык ок атышуу токтотулган күнгө дал келди.
7-апрель күнү АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен эки жумалык өз ара ок атышууну токтотууну жарыялады. Тегеран ок атышууну токтотуу үчүн 10 шарт койгон, АКШ ага макул болууга аргасыз болгон. Эки жуманын ичинде тараптар чыр-чатакты чечүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдү башташы күтүлүүдө.
АКШ жана Израил 28-февралда Иранга каршы согуш башташкан. Соккулардын натыйжасында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи жана Ислам Республикасынын жетекчилигиндеги башка бир катар жогорку даражалуу адамдар каза болушкан.

























Discussion about this post