Палестиналык ХАМАС кыймылы АКШ менен Европанын “Аль-Акса” спутник каналын бардык эл аралык спутниктерден чыгаруу боюнча биргелешкен чечимин катуу айыптап, муну ЖМК эркиндигин жана Палестина элинин өз үнүн дүйнөгө жеткирүүдөгү мыйзамдуу укугун ачык бузуу деп атады.
Бул тууралуу палестиналык “Sama news” агенттиги маалымдады.
«Бул ырайымсыз чечим Палестина элинин азаптарын жана баскынчылардын кылмыштарын дүйнөгө чагылдырган Палестинанын көз карандысыз маалымат каражаттарына түздөн-түз кол салуу болуп саналат»,-деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.
ХАМАС белгилегендей, бул акция сөз эркиндигин басууга жана сионисттик уюшкан терроризмдин чыныгы жүзүн ачыктаган платформалардын үнүн басууга багытталган. Ошондой эле Газадагы окуяларды жана аймакта иштеген журналисттерге тынымсыз чабуул жасоолорду эл аралык маалымат каражаттарында чагылдырууну чектөө боюнча максаттуу саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.
ХАМАС ЖМКларды жана эл аралык маалымат уюмдарын бул чечимди айыптоого жана сионисттик режимдин эл аралык укукка жана гуманитардык принциптерге каршы агрессиясына реакция жасоого чакырды.
Кыймыл оккупанттардын чындыкты жаап-жашырууга жана реалдуулукту бурмалоого багытталган бардык аракеттери ийгиликсиз аяктайт деп баса белгиледи.
ХАМАС кошумчалагандай, каршылык көрсөтүүнүн үнү жаңырган бойдон кала берет жана эркиндикке чейин Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын коргоону улантат.















