БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы аскердик тирешүүнүн кайра күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирди.
ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу БУУнун башчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттерге тараткан билдирүүдө айтылат.
«Башкы катчы Перс булуңундагы олуттуу чыңалуунун күчөшүнө жана аскердик кармаштардын кайра жанданышына, анын ичинде Ирандын Ормуз кысыгындагы кемелерге жасаган чабуулдарына, АКШнын Иранга жасаган соккуларына жана Ирандын коңшу мамлекеттердеги буталарга жасаган чабуулдарына терең тынчсызданууда. Бул кол салуулар токтотулушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле билдирүүдө Гутерриш бардык тараптарды эң жогорку деңгээлде сабырдуулук көрсөтүүгө, чыңалуунун мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана кырдаалды тез арада жөнгө салуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө чакырганы белгиленет.
Жакынкы Чыгышта кеңири масштабдагы согуштук аракеттердин кайра башталышы каргашалуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Гутерриш ошондой эле Иран менен АКШны сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тез арада кайра жандандырып, бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.


















