Грузияда украиналык Майдан сценарийин ишке ашыруу аракети ийгиликсиздикке учурады.
Бул тууралуу Грузиянын премьер-министр Ираклий Кобахидзе брифингде билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
“Грузиядагы Улуттук Майдан координацияланган аракеттерге карабастан ишке ашкан жок”,- деди ал.
Премьер-министр нааразылык акциясынын уюштуруучулары, анын ичинде бейөкмөт уюмдар жоопкерчиликтен качып кутула албасын баса белгиледи.
Анын айтымында, оппозициялык партиялардын лидерлери өз кеңселеринде отуруп, митингдерге катышпай эле, бирок бул эч нерсени билдирбейт.
Грузияда оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары 28-ноябрда премьер-министр Ираклий Кобахидзе Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялагандан кийин башталган.
Митингчилер парламенттин имаратына таш, бөтөлкө, петарда ыргытып, 1-декабрга караган түнү ал жерде өрт чыккан. Полиция аларды суу аткычтар жана көздөн жаш агызуучу газ менен бир нече жолу кууп таркаткан, бирок активисттер күн сайын кечинде жаңы митингге чогулушкан.
Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бир нече күндүн ичинде полиция 200дөн ашуун тополоңдун катышуучуларын кармады. Нааразылык акциясынын жүрүшүндө 110дон ашык укук коргоо кызматкери жаракат алган.
Өлкөдөгү массалык нааразылык акциялары бир айдан ашык убакыттан бери уланууда. Алар 26-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган. Шайлоодо “Грузин кыялы” партиясы жеңген. Парламентке төрт оппозициялык партия да кирген, бирок алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, тарапкерлерин митингдерге чыгууга чакырышкан. Европага ыктаган оппозицияга жардам берген президент Саломе Зурабишвили да манифестацияларга чакырган.




















