Грузияда “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы нааразычылык акциялары уланууда. Топтошкон жаштар Грузиянын борборунун ар кайсы көчөлөрүндө жана проспектилеринде да жүрүштөрдү өткөрүшүүдө.
Демонстранттардын айрымдары Тбилисидеги негизги транспорт түйүндөрүнүн бири болгон – Баатырлар аянтынын аймагын ээлеп алышкан. Акциянын катышуучулары бийлик мыйзамды жокко чыгарганга чейин нааразылык акцияларын күн сайын улантуу ниетин билдиришүүдө.
Депутаттарды мушташтырган, нааразычылыктарды тутандырган талаштуу мыйзам долбоорун Грузин парламенти 14-майда үчүнчү жана акыркы окууда жактырган. Ага 84 депутат “макул”, 30 депутат “каршы” добуш берген. Эми “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам Грузиянын президентинин кол коюусуна жөнөтүлөт. Саломе Зурабишвили буга чейин мыйзамга вето коё турганын билдирген. Бирок анын ветосун жеңип өтүү үчүн “Грузин кыялы” партиясы жетиштүү добушка ээ, дешет байкоочулар.
Мыйзам кабыл алынган күнү полиция кызматкерлери бейбаштык кылган жана полицияга баш ийбеген 13 адамды кармашкан. Демонстранттар парламент имаратынын жанындагы темир тосмолорду бузууга аракет кылган соң, атайын күчтөр демонстранттарды Руставели проспектисине сүрүп чыгарган.
Мыйзам тууралуу
![]()
Грузияда “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу маселеси биринчи жолу 2023-жылдын башында көтөрүлгөн. Февраль айында парламентте катталып, мартта биринчи окууда кабыл алынган. Андан улам өлкөнүн борбору Тбилисиде массалык митингдер башталып, полиция аларды көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтар менен таратууга аргасыз болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал күндөрү манифестацияларда 133 адам кармалган. Кийинчерээк бийлик документти кайра чакыртып алган.
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 3-апрелде “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра сунуштаган. Текстте “Чет өлкөлүк таасирдеги агент” дегендин ордуна “чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм” деген термин колдонулат. Мыйзам долбоорунун калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калды.
Өлкө парламенти 17-апрелде мыйзам долбоорун биринчи окууда 83 добуш менен кабыл алган.
30-апрелде парламенттин жалпы жыйынында мыйзам долбоору экинчи окуудагы талкууга коюлган. Андан мурунку күнү аны юридикалык комитет колдоп берген. Мыйзамды өлкө парламенти 1-майда экинчи окууда колдоп берген. Грузия парламентинин юридикалык комитети мыйзам долбоорун үчүнчү окууда 13-майда кабыл алган.
Мыйзам долбоорунун маңызы

Түшүндүрмө катынын текстинде мыйзам долбоору чет элдик уюмдардын ишмердүүлүгүн «чектөө» болбой турганы, бирок алардын каттоосу милдеттүү болоору белгиленген. Демилге кирешеси атап айтканда каржылоосунун 20%дан көбү сырт жактан келүүчү коммерциялык эмес юридикалык жактарды жана ЖМКларды каттоону карайт. Мындан тышкары, “чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын” көздөгөн бардык уюмдар мамлекеттик реестрден катталууга тийиш.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөдөгү ири бейөкмөт уюмдар короткон каржынын 90%дан ашыгы эч кандай түрдө декларацияланбаганын билдирген.
Саясий реакция

Грузин бийликтери мыйзам бардык негизги укуктук принциптерге толугу менен жооп берерин, анын максаты бейөкмөт уюмдардын жана тиешелүү маалымат каражаттарынын каржысын жыл сайын ачыкка чыгаруу деп ырастоодо.
Мыйзам боюнча парламенттеги угуулар учурунда бийликчил партиянын депутаттары менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда бир нече жолу мушташтар болгон.
Долбоорго Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, оппозиция жана батыш дипломаттары каршы чыгып, аны республиканын Евробиримдикке интеграциялоосуна тоскоолдук катары баалашууда.
Оппозиция мыйзам долбоорун россиялык аналог деп эсептейт. Өз кезегинде Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мындай билдирүүлөрдү абсурд деп атап, чет элдик агенттер менен күрөшүү системасын биринчи ойлоп тапкан өлкө АКШ экенин эске салган.
Бул демилгеге АКШ элчилиги менен Евробиримдиктин Тбилисидеги өкүлчүлүгү да каршы чыгып, мыйзам долбоору “олуттуу кооптонууну жаратат” деп билдирди. Евробиримдиктин өкүлдөрү Грузияга каршы санкцияларды киргизүү зарылдыгы азырынча жок экенин белгилеп, бирок бул мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү үчүн олуттуу тоскоол болот деп ырасташты. Песков бул риториканы Грузиянын ички иштерине кийлигишүү деп атады.
«Грузин кыялы» партиясынын башкы катчысы, Тбилиси шаарынын мэри Каха Каладзе тышкы күчтөр Грузияда төңкөрүш жасоого аракет кылууда деп билдирди.



















