Газага гуманитардык жардам алып бара жаткан “Сумуд” глобалдык флотунун бир бөлүгү болгон “Джонни М” жүк ташуучу кемесинин мотор бөлүгүнө суу толуп калгандыктан авариялык кырдаалга учурап, жардам сигналын берди. Кемеге түрк өкмөтүнүн координациясы жана Кызыл Жарым Ай коому жардамга келип, жүргүнчүлөр эвакуациялангандыгын Haberler маалымат агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, “Джонни М” жүк ташуучу кемесинин кырсыкка учурашы жалпы операцияга таасирин тийгизбейт. Флот Газага төрт күндүн ичинде жетүүнү пландоодо.
“Крит, Кипр жана Египеттин ортосундагы үч бурчтукта жайгашкан кеме ошол күнү эртең менен радио аркылуу жардам сурап кайрылган. Капитан кеменин мотору сууга толуп, Люксембург, Франция, Финляндия, Мексика жана Малайзиянын жарандарынан турган жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түштү” ,- деп айтылат билдирүүдө.
Кырдаалдан кийин Түрк Кызыл Жарым Ай коому жана түрк бийлигинин органдары жардамга келишип, куткаруу операциясы ийгиликтүү ишке ашкан. Бирок операциянын кечеңдеши флоттун жалпы жүрүшүнө эч кандай таасир этпей тургандыгы жана флот төрт күндүн ичинде көздөгөн жерине жетери күтүлүүдө.
Ондогон кемелерден турган Глобалдык “Сумуд” флоту Газага жөнөтүлгөн эң чоң гуманитардык флот катары дүйнөнүн көңүлүн бурууда. Кемелер көп сандаган гуманитардык жардамды, өзгөчө медициналык буюмдарды алып бара жатышат.
“Сумуд” сөзү араб тилинен которгондо “бекемдик” же “чексиз чечкиндүүлүк” дегенди билдирет. 1967-жылдагы алты күндүк согуштан бери бул термин Палестинанын саясий жана маданий лексиконуна бекем орноп, оккупацияга зомбулуксуз каршылык көрсөтүүнү билдирет.
Өз мекенинде болуу, улуттук өзгөчөлүктү бекемдөө, жарандык баш ийбөөчүлүктүн альтернативалык институттарын жана формаларын түзүү анын символдору болуп саналат. Палестина маданиятында айылдагы зайтун дарагы жана кош бойлуу аял “Сумуддун” символу катары кабыл алынат.
Эскерте кетсек, 50гө жакын өлкөнүн колдоосу менен түзүлгөн флотилия Палестина менен тилектештик жана Газа блокадасын бузуу максатында 31-августта Испаниянын Барселона шаарынан жөнөп кетти.
Израилдин коркутууларына карабастан, глобалдык “Сумуд” эл аралык флотилиясынын мүчөлөрү Газа тилкесине жетүү үчүн туруктуу жана чечкиндүү бойдон калууда. Мүчөлөрдүн арасында ар кайсы кесип ээлери врачтар, коомдук активисттер жана журналисттер бар.
Глобалдык “Сумуд” – Газага жөнөтүлгөн эң чоң флотилия. Израил буга чейин мындай флотилияларга жол бербөө, анын ичинде активисттерди кармоо жана депортациялоо чараларын көргөн.


















