2023-жылдын октябрынан бери Газа секторуна каршы улантылып келе жаткан блокаданын шартында ачарчылыктан каза болгондордун жалпы саны 404 адамга жетти. Алардын арасында 141 бала бар экенин палестиналык жарым эксклавынын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
“Соңку 24 саат ичинде ачарчылык жана жетишсиз тамактануудан беш адамдын өмүрү кыйылды, алардын бирөөсү — бала. Ушуну менен ачарчылыктан каза болгондордун жалпы саны 404кө жетти, анын ичинде 141 бала бар”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Тилкенин бийлигинин маалыматына караганда, август айында эле ачарчылыктан 185 адам каза болгон. Бул март айында блокада күчөтүлгөндөн бери эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Учурда беш жашка чейинки 43 миң бала, ошондой эле 55 миңден ашуун кош бойлуу жана бала эмизген аял жетишсиз тамактануудан жабыркап жатат.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 22-августта Газа тилкесиндеги ачарчылыкты “катастрофалык абал” деп расмий түрдө жарыялаган. Сентябрдын аягына чейин 640 миңден ашуун киши азык-түлүктүн өтө олуттуу тартыштыгына туш болот деп айтылууда. Бул абал Азык-түлүк коопсуздугу классификациясынын (IPC) бешинчи фазасы — эң оор деңгээл катары белгиленет.
Газа администрациясынын маалыматына караганда, Израил 27-июлда жардамды жарым-жартылай жеткирүүнү кайра баштагандан бери Газага уруксат берген гуманитардык жардам калктын жардамга болгон муктаждыгынын 15% ашпаганын камсыздайт. Мындан тышкары, Израиль Газага жүздөгөн азык-түлүк түрлөрүн киргизүүгө тыюу салууда. Алардын ичинде эң зарыл болгон эт, балык, жумуртка, жемиш-жашылча, айрым сүт азыктары жана азыктык кошумчалар бар. Жергиликтүү бийликтин айтымында, гуманитардык жардам жеткирип жаткан жүк унааларынын басымдуу бөлүгү израилдик аскерлердин көз жаздым мамилесинен улам тонолууда.
Эске салсак, 21-августта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа шаарына толук көзөмөл орнотуу жана ХАМАСты талкалоо боюнча жаңы операцияны бекиткен. Андан бир күн мурун израилдик аскерлер шаарга чабуулду башташкан. Армиялык радио «Галей ЦАХАЛдын» маалыматына ылайык, операция 2026-жылга чейин созулушу мүмкүн жана анын алкагында 130 миңге чейин резервист тартылары күтүлүүдө.
Өткөн айда Нетаньяху анклавдын бардык аймагын көзөмөлгө алуу планы бар экенин билдирип, кийин бул аймак жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн экенин айткан.
Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Египет жана Катар Израилдин бул кадамын айыптап чыгышты. Августтун ортосунда алар 60 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун киргизишкен. Келишимге ылайык, 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган израилдиктердин жарымы бошотулуп, алардын ордуна палестиналык туткундардын бир бөлүгү чыгарылышы керек эле. ХАМАС бул демилгени колдогон, бирок Тель-Авив азырынча жооп бере элек.

















