Израиль тарабынан курчоого алынган Газа секторунда 40 миңден ашуун бир жашка чейинки наристе катуу жетишсиз тамактануудан улам “жай өлүмдүн” коркунучунда турат. Бул тууралуу Газадагы өкмөттүн Медиа башкармалыгы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, Израиль 150 күндөн бери Газага наристелер үчүн тамак-аш жеткирүүгө жол бербей, мисалы гуманитардык жардамдарды жок кылган. Катаал блокада шартында ымыркайлар жардамдан толугу менен ажырап, өлүм коркунучуна кабылышууда.
«Мунун бардыгы Израилдин муунтуп турган жана кылмыштуу курчоосунун айынан. 40 миңден ашуун ымыркай Газада жай өлүмгө дуушар болууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Газанын бийлиги чек ара өткөрмө бекеттерин дароо ачып, наристелерге арналган азык-түлүктү жана гуманитардык жардамды тез арада жеткирүүнү талап кылды.
Мындан сырткары, билдирүүдө күнөө Израилде гана эмес, аны колдогон өлкөлөрдө жана дүйнөлүк коомчулукта экени да баса белгиленди.
Газа ачкачылыктан өлүп жатат
Газа сектору акыркы бир нече айдан бери катуу изоляцияда жашап келет. Израилдин камоосу жана тынымсыз аба соккулары жарандык инфратүзүмдүн 88%ын — ооруканалар, мектептер, суу түтүктөрү жана электр тармактарын — жок кылды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, ачкачылыктан улам 134 палестиналык каза болгон, алардын 88и — балдар. Гуманитардык жана адам укугун коргоо уюмдары Израилди ачкачылык менен суусоону “согуш куралы” катары колдонууда деп айыпташууда.
Газада 2,3 миллионго жакын киши жашайт. Алардын 2 миллиондойу үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон, көптөрү кайталап көчкөн. Көбү өз алдынча жасалган чатырларда жана адамдарга толгон мектептерде жашашууда. Ал жерлерде эң жөнөкөй санитардык шарттар да жок. Таза суу жана гигиеналык каражаттардын жетишсиздиги айлана-чөйрөдө жугуштуу оорулардын бат таралышына алып келүүдө.
Израил армиясы күн сайын качкындар жашап жаткан убактылуу баш калкалоочу жайларды жана башка жарандык объектилерди бомбалап келет.
2023-жылдын 7-октябрында башталган Израилдин аскердик операциясынан бери, Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Газада жок дегенде 59 821 палестиналык курман болуп, 144 851 киши жаракат алган.


















