Газанын бийлиги Израилди ачкачылыкты курал катары колдонгондугу үчүн айыптап, эл аралык коомчулукту шашылыш чара көрүүгө чакырууда.
Израил гуманитардык жардам жеткирүүнү чектеп жаткан Газа секторунда дагы бир бала ачкачылыктан көз жумду. Ачарчылыктан көз жумган балдардын жалпы саны 69га, ал эми азык-түлүк жана дары-дармектин жетишсиздигинен каза болгондордун саны 620 адамга жетти.
Газанын өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Израил гуманитардык жардамга жетүүнү чектөө менен ачарчылыкты курал катары колдонуп жатканы, бул аймактагы гуманитардык кырдаалды мындан да оорлотуп жатканы айтылат. Документте азык-түлүк жана дары-дармектин жетишсиздигинин кесепеттери күндөн-күнгө трагедиялуу мүнөзгө ээ болууда деп белгиленген.
Газанын бийлиги Израилдин атайылап ачкачылык уюштуруу саясатын айыптап, эл аралык коомчулукту жана «эркин дүйнөнү» бул кылмышты токтотуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги: Ачарчылыктан жапа чеккен бейтаптардын саны кескин көбөйдү
Өзүнчө жарыяланган билдирүүдө Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага катуу алсырап түшкөн бейтаптардын саны тез өсүп жатканын билдирди.
«Ачарчылыктан жапа чеккен ар түрдүү жаштагы жарандар оор чарчоодо жана алсыроодо жандандыруу бөлүмдөрүнө жеткирилүүдө. Биз эскертебиз: жүздөгөн адамдар, организмдери алсырап, азыксыз калган абалда, өлүм алдында турушат», — деп айтылат билдирүүдө.
Израил күчтөрү март айынан бери чек ара өткөрмө бекеттерин жапкандан кийин, Газага гуманитардык жана медициналык жардам дээрлик токтогон, бул болсо кризисти тереңдетүүдө.
Палестиналык тараптын билдирүүсүнө ылайык, Израил ачарчылык жана суунун тартыштыгын элди күч менен көчүрүү максатында курал катары колдонууда.
Мындан тышкары, Израил армиясы АКШ жана Израилдин “Газанын гуманитардык фонду” долбоорунун алкагында түзүлгөн гуманитардык аймактарга жакындаган жарандарга системалуу түрдө ок атып жатканы белгиленди.


















