Борбор Азия айрым өлкөлөрү Батыштын Россияга каршы санкцияларына кошулушу мүмкүн, деп билдирди Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун III борбор азиялык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө.
“Батыш мамлекеттери Россияны колдогондордун баарын жазалайбыз деп коркутуп жаткан учурда биздин борбор азиялык досторубузга оңой болбойт”, – деди саясатчы.
Ал белгилегендей, аймактагы кээ бир өлкөлөр тобокелчиликтерге баргысы келбейт, ошол себептен Батыштын санкцияларын ээрчүүгө даяр экенин аргасыз билдиришүүдө.
Анын айтымында, Россия башка мамлекеттерге кайсы тышкы саясатты кармануу керектигин таңуулабайт, бирок ал ЖККУ, ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы өз ара милдеттенмелерге карама-каршы келбеши керек.
Галузин Россия менен байланышты жасалма түрдө үзүү Батыштын чектөө чараларынын чыгымына караганда көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Литванын Европарламенттеги депутаты Людас Мажилис бир катар мамлекеттерди Россияга киргизилген санкциялардын сакталышына текшерүүгө чакырган.
Ал Борбор Азия мамлекеттери Европада өндүрүлгөн товарларды санкцияларды айланып өтүп Россияга кайра сатышы мүмкүн экенин белгилеген.
Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен эгер Россияга жардам берилип жатканы байкалса үчүнчү мамлекеттерге кээ бир товарларды экспорттоого тыюу салынарын билдирген.