Азия Кубогунун U-23 тандоо раундунун алкагында Кыргызстандын олимпиада курама командасы Катардын футболчуларын жеңе алган жок.
Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктаса, экинчи бөлүктүн 51-мүнөтүндө гол кирди. Аны Катардын оюнчусу киргизди. Ошентип 0:1 эсеби менен Катар алдыга чыкты.
Беттештин жүрүшүндө кыргызстандык футболчулар көп жолу чабуул жасашты. Бирок натыйжа чыккан жок. Ал эми катарлык оюнчулар беттештин 80-мүнөтүнөн баштап, убакытты созо баштады. Канчалык аракеттер болгону менен бир голдон кийин эсеп өзгөргөн жок. Ошентип оюн Катардын оюнчулары үчүн ийгиликтүү аяктады.
Эки күн башта Кыргызстандын Олимпиада курама команда Түндүк Кореянын оюнчулары менен беттешип, анда да 0:1 эсебинде жеңилип калган.
23 жаштагы жигиттердин Азия Кубогу үчүн тандоо раунддарындагы оюндар Түштүк Кореянын Чханвон шаарында өтүп жатат.