Бүгүн, 5-сентябрда, Кыргызстан менен Ирандын футбол боюнча Улуттук курама командалары беттешет. Оюн Исфахан шаарында Кыргызстандын сааты менен 22:00дө башталат.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, “акшумкарлар” оюн талаасына кызыл түстөгү футболка менен чыгышат.
Оюн алдындагы маалымат жыйында, курамабыздын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын алдыдагы беттеш кызыктуу болоорун айтып, баардыгы оюн талаасында чечилээрин билдирди.
“Биз, Иранды эң жакшы жагынан гана билебиз: Командада көптөгөн күчтүү футболчулар бар. Албетте, биз дагы өзүбүздүн мыкты жактарыбызды көрсөтөбүз”,-деди Лисицын.
Ал эми кураманын капитаны Валерий Кичин, Кыргызстан бул раундда жаңы команда экенин, ошондуктан тажрыйба жетишсиз болуп калышы мүмкүндүгун түшүнүп турганын кошумчалады.
“Бирок, биз максатыбыздан тайбайбыз. Ар бир оюнда жыйынтыкка жетип, кийинки квалификация үчүн күрөшөбүз. Бизге башка жыйынтыктын кереги жок”,-деди ал.
Ошол эле кезде Иран командасынын коргоочусу Мохаммад Амин Хизбави Кыргызстандын курамасы абдан мыкты экенин белгилеп, ошентсе да бул оюндан алар үч упай алууну көздөп жатышканын айтты.
Белгилей кетсек, бул оюн – 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуунун үчүнчү баскычындагы алгачкы беттеш болуп калмакчы. Мындан кийин, “акшумкарлар” 10-сентябрда өз үйүндө Өзбекстандын оюнчулары менен ойношот.
Бул оюндардын алдында кыргыз курамасы негизги мүчөлөрүн аныкталып, Түркиянын Стамбул шаарында окуу-машыгуу иштерин өткөргөн.
Бүгүн, саат 20:00дө, Бишкектин Ала-Тоо аянтында футбол күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулаары белгилүү болгон.
Дүйнөлүк мундиалга тандап алуунун бул баскычында Кыргызстан “А” тайпасына туш келип, анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен беттешет.
Кошумчалай кетсек, дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун үчүнчү раундунда Азиянын 18 курамасы алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эң мыкты эки команда Дүйнө биринчилигине автоматтык түрдө жолдомо алышат. Үчүнчү, төртүнчү орунду алгандар кийинки раундга өтөт. Бул төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөшөт.


















