Канттын «Абдыш-Ата» футбол клубу Жалал-Абаддын «Мурас Юнайтед» клубун жеңип, 2024-жылдын Суперкубогун жеңип алды.
Оюн 20-октябрь күнү, Д.Өмүрзаков стадионунда өттү.
Беттештин 22-мүнөтүндө «Абдыш-Атанын» чабуулчусу Кайрат Жыргалбек уулу эсепти ачып, командасын алдыга чыгарды. Оюндун кийинки убактыларында эсеп өзгөрүүсүз калып, жыйынтыгында оюн «Абдыш-Атанын» жеңиши менен аяктады.
Ошентип, Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубу 2024-жылкы Суперкубоктун ээси болду.
Кыргыз футбол биримдигинин Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев КФБ атынан «Абдыш-Ата» клубуна 2024-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 20 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды.
Эске салсак, Суперкубок оюнунда жеңилүү ызасын тарткан «Мурас Юнайтед» клубу Кыргызстандын кубогун эки ирет катары менен уткан.




















