Эл аралык футбол федерациясы Кытай менен 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүү укуктары тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирет.
Келишим кытайлык медиа корпорация China Media Group менен түзүлүп, анын баасы болжол менен 60 миллион долларды түздү. Бул сумма уюмдун баштапкы күтүүлөрүнө салыштырмалуу кыйла төмөн.
Макулдашуу төрт дүйнө чемпионатын — эки эркектер жана эки аялдар турнирин 2031-жылга чейин камтыйт. Алардын ичинде АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган 2026-жылкы дүйнө чемпионаты да бар. Бул мелдешке 48 курама катышып, жалпысынан 104 оюн өткөрүлөт.
Маалыматка караганда, ФИФА Кытайдагы көрсөтүү укуктары үчүн болжол менен 300 миллион доллар алууну көздөгөн, бирок акыркы сумма андан кыйла аз болуп чыкты.
Ошол эле учурда Кытай алдыдагы турнирге катышпаса да, футболдун жогорку популярдуулугу жана коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдөн улам түз алып көрсөтүүгө болгон кызыгуусун сактап калууда.
Келишим биринчи мелдеш башталганга 27 күн калганда түзүлгөн.
Мурда кабарлангандай, ФИФА менен негизги көрсөтүүчүлөр ортосунда келишимдер жок болгондуктан, Кытай жана Индиядагы миллиондогон күйөрмандар 2026-жылкы дүйнө чемпионатын түз эфирде көрө албай калышы мүмкүн эле.


















