Эл аралык «Евровидение» ыр сынагынын келечеги Израилдин катышуусунун айланасындагы кырдаалдан улам чоң жаңжалга айланды.
La Vanguardia басылмасы жазгандай, Испанияны кошкондо бир катар өлкөлөрдүн бойкот коркунучу менен шартталган кризис фестивалдын 70 жылдык тарыхындагы эң чоң окуя болуп, анын мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу шек жаратты.
Басылма белгилегендей, Израил катышса, бир катар мамлекеттердин сынакка катышуудан баш тартуусу олуттуу саясий жана экономикалык кесепеттерге алып келет жана сынактын кадыр-баркына шек келтирет.
Газета бул бойкотту «фестивалдын тарыхындагы эң ири каршылык» деп атады.
Мунун алдында Испаниянын улуттук телерадиокомпаниясы RTVE 2026-жылы конкурс өтүп жатканда Израил катышса, сынакка катышпай турганын билдирген. Испания «Чоң бештик» (Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франция) мүчөлөрүнүн арасынан ушундай чечим кабыл алган биринчи өлкө болду. Бул беш мамлекет Европалык телерадиоберүү союзу (ЕВС) үчүн негизги демөөрчүлөр болуп эсептелет.
La Vanguardia жазгандай, эгер Испания баш тартса, ал каржылоону токтотуп эле койбостон, конкурс көргөзүлбөй да калат. Бул дүйнөлүк аудиториянын олуттуу кыскарышына жана көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн түшкөн кирешенин азайышына алып келет.
Израилдин конкурска катышуусу боюнча акыркы чечимди 2025-жылдын декабрында Европалык телерадиоберүү союзу кабыл алат. Сынак 2026-жылдын май айында Вена шаарында өтөт.


















