Футбол боюнча Европа чемпионатында 1/8 финалдын дагы эки беттеши болуп, андан соң кийинки чейрек финалдык жуптар белгилүү болду: Франция Португалия менен ойнойт.
Франция курамасы бельгиялыктардын автоголунун аркасында чейрек финалга чыкты. Жалгыз автоголду 85-мүнөттө бельгиялык коргоочу Ян Вертонген өз дарбазасына киргизип алды.
Күндүн экинчи беттешинде Португалия Словенияны пенальтилер сериясында утуп алды. Беттештин негизги убактысы 0:0 эсеби менен аяктады. Кошумча убакытта да командалар күчтүүлөрдү аныктай алган жок.
Биринчи кошумча таймда португалиялыктарга пенальти белгиленген, бирок Криштиану Роналду гол киргизе алган жок. Пенальтилер сериясында Португалия курама командасынын оюнчулары тагыраак болушту – 3:0. Бул жолу Роналду өзүн көрсөтө алды.
5-июлда Европа чемпионатынын чейрек финалында Португалия менен Франция беттешет.




















