Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Россия менен Украинанын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылышын иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.
Эрдогандын айтымында, иликтөөгө согушуп жаткан тараптардын эксперттери, БУУнун жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү да кошулушу керек.
Түрк президенти Анкара иликтөө жүргүзүү үчүн колдон келген аракетин кылууга даяр экенин белгиледи.
Украина президенти Владимир Зеленский Түркиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Эрдоганга апаатты жоюу үчүн керектүү муктаждыктарынын тизмесин бергенин кабарлады. Зеленский ГЭСтин талкаланышына Россияны айыптады.
Кремль тараткан билдирүүдө Путин бул окуя үчүн Украинаны айыптап, жардырууну “варвардык акция” деп атаганы айтылат.
Эрдогандын комиссия түзүү сунушуна Зеленский менен Путин кандай жооп бергени айтылган жок.
Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Андан улам Жаңы Каховка аймагындагы суунун деңгээли 11 метрге чейин көтөрүлгөнү кабарланган. Суу каптаган коркунучтуу райондордо жашаган эл коопсуз жайга эвакуцияланган.
Днепр дарыясындагы ири дамбанын жардырылышына Москва менен Киев бири-бирин айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген.
1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Крым жарым аралын толугу менен суу менен камсыздайт.