Султанбаев Эрбол Абдыкадырович Кыргызстандын Беларустагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эрбол Султанбаев ошондой эле ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү да болот.
Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Султанбаев президенттин маалымат катчысы болуп 2021-жылдын май айынан бери иштеп келе жаткан.
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов президент Садыр Жапаровдун башка жырлыгы менен кызматынан бошотулду.



















