Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Ооганстандан кирип, теракт жасоону көздөгөн согушкерлердин тобун аныктап, жок кылды.
Тажикстанда тажик-ооган чек арасынан мыйзамсыз өткөн террорчулар жок кылынды.
Бул тууралуу республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берүү менен “Ховар” агенттиги билдирди.
Куралчан согушкерлер тажик-ооган чек арасын 29-августтан 30-августка караган түнү Дарваздан алыс эмес жердеги Кеврон айылына жакын жерде кесип өтүшкөн. Алар Тажикстандын аймагында Мамлекеттик эгемендүүлүк майрамынын алдында теракт жасамакчы болушкан.
Согушкерлер дароо аныкталып, көзөмөлгө алынган. Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жерге атайын операция жүргүзүү үчүн антитеррордук топ келген. 5-сентябрда эртең менен террорчулар курчоого алынган. Аларга дароо куралдарын таштоого жана багынып берүүгө буйрук берилген. Бирок террорчулар буйрукка жооп бербей, биринчилерден болуп ок чыгарышкан.
Андан соң комитеттин кызматкерлери антитеррордук операция жүргүзүп, анын натыйжасында үч согушкер жок кылынган.
Террорчулар “Жамоата Ансорулло”* тобунун мүчөлөрү болгон жана Тажикстандын аймагында алдын ала жашыруун жай түзүүгө жетишкен. Ал жерде ар кандай курал-жарак жана ок-дарылардан тышкары, экстремисттик адабияттар жана 10 миң доллар табылган.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон республиканын бийлиги Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну, ошондой эле инклюзивдүү ооган өкмөтүн түзүүнү колдой турганын билдирген.
Эске салсак, Тажикстандын күч түзүмдөрү Ооганстандан кирген согушкерлерди жок кылуу боюнча атайын операцияны биринчи жолу өткөрүп жаткан жок. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында бир катар экстремисттик бандиттик түзүмдөргө кошулуп кеткен тажикстандык эки согушкер жок кылынган.