Европа Биримдиги АКШ президенти Дональд Трамп киргизген бажы төлөмдөрүнө жооп иретинде каршы чараларды даярдап жатат, деп кабарлайт Reuters.
Ушул аптанын ичинде эле Брюссель АКШ товарларына 28 миллиард долларга чейинки төлөмдөрдү караган биринчи пакетти бекитиши мүмкүн.
Маалымат булактарынын билдирүүсүндө, Еврокомиссия 7-апрелде жогорку төлөмдөр салынуучу америкалык продукциянын тизмесин сунуштайт. Ага эт, дан өсүмдүктөрү, шарап, жыгач, кийим-кече, тиш жиби, чаң соргучтар жана атүгүл ажаткана кагазы кирет. Өзгөчө көңүл бурбон вискисине бурулат: ага 50% төлөм киргизүү талкууланууда. Мунун жообу катары Трамп европалык алкоголго 200% бажы төлөмдөрүн убада кылды.
Пакет боюнча талкуу дүйшөмбү күнү Люксембургда, Европа Биримдигинин 27 өлкөсүнүн соода министрлеринин жалпы жыйынында өтөт. Негизги максат – Вашингтондон болгон басымга карата бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу. Диалогго умтулуу болгону менен, көпчүлүк өлкөлөр каршы чараларга даяр.
Бирок союз мүчөлөрүнүн арасында биримдик жок. Франция чектөөлөрдү кеңейтүүнү жактайт, ал эми Ирландия менен Италия этият болууга чакырат: биринчиси — АКШга болгон жогорку экспортко байланыштуу, экинчиси — жооп чараларынын зарылдыгына күмөн санайт.
Биринчи пакет боюнча акыркы добуш берүү 9-апрелге пландалган. Чаралар 15-апрелден тарта күчүнө кириши мүмкүн жана аларды эки этап менен ишке ашыруу пландалууда.


















