Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Ташкент шаарында өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачты. Банк 2031-жылга чейин кеминде 500 миллион доллардан, 1,5 миллиард долларга чейин инвестиция салуу планын жарыялап, алгачкы келишимдерине кол койду. Анын ичинде Uzum финтех компаниясы үчүн 70 миллион доллар насыя берди.
Өкүлчүлүктүн ачылышы Өзбекстандын 2025-жылы ЕӨБгө кошулушунан кийинки логикалык кадам болду деп жазат gazeta.uz басылмасы.
“Өкмөттүн колдоосу менен бардык зарыл жол-жоболор аткарылды. Банк азыр өлкөдө толук кандуу инвестициялык операцияларды баштап жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Евразия өнүктүрүү банкынын 18-майда өткөн ачылышына Өзбекстандын вице-премьер-министри Жамшид Ходжаев катышып, ал өз сөзүндө ЕАӨБ инфраструктураны каржылоо, экспортту колдоо, каржы рыногун өнүктүрүү жана санариптик трансформация жаатында олуттуу тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары, банктын Ташкентте туруктуу болушу тоо-кен казып алуу, транспорттук инфраструктура, санариптик технологиялар жана суу ресурстарын башкаруу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду тездете турганын кошумчалады.
Ал эми ЕАӨБдүн башкаруу кеңешинин төрагасы Николай Подгузов ЕАӨБ 2031-жылга чейин Өзбекстанга 1,5 миллиард долларга чейин инвестиция салууну пландаштырып жатканын баса белгиледи.
“Кийинки стратегиялык цикл учурунда ЕАӨБ 2031-жылга чейин Өзбекстанга 1,5 миллиард долларга чейин инвестиция салууну пландаштырууда, анын ичинде жогорку интеграциялык потенциалга ээ долбоорлорго болжол менен 800 миллион доллар. Бизде бардык зарыл куралдар бар. Техникалык жардам фонду, Санариптик демилгелер фонду, долбоордук экспертиза жана Перс булуңу жана Азия өлкөлөрүнөн капиталга жетүү мүмкүнчүлүгү”, – деди Николай Подгузов.
Анын айтымында, учурдагы долбоордук портфел энергетика, логистика жана өнөр жайды камтыйт. Ачылыш аземинде банк өзүнүн алгачкы келишимдерине, анын ичинде Uzum финтех компаниясы менен 70 миллион долларлык насыя келишимине кол койду.
ЕАӨБдүн Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн ачылышы банкка инвестициялык долбоорлорду ыкчам колдоого, мамлекеттик органдар жана бизнес менен кызматташууну күчөтүүгө жана эл аралык инвесторлорду Өзбекстандын экономикасына активдүү тартууга мүмкүндүк берет.
Эскерте кетсек, Евразия өнүктүрүү банкы – бул 2006-жылы Россия жана Казакстан тарабынан Евразиядагы интеграциялык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн эл аралык финансылык институт.
Банктын башка мүчө мамлекеттеринин катарына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Кыргызстан бул банкка 2011-жылы кирген. Банктын башкы кеңсеси Алматыда жайгашкан.



















