Душанбе шаарында Иран менен Тажикстандын технологиялык борбору түзүлүп, ишке киргизилди.
ISNA агенттиги маалымдагандай, долбоор эки өлкөнүн ортосундагы акыркы кмакулдашууларынын алкагында ишке ашырылууда.
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жакында Душанбеге болгон сапарынын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушуусунда төрт жаңы келишимге, анын ичинде биргелешкен технологиялык борбор түзүү боюнча Меморандумга кол коюлган.
Документке Тажикстандын президентине караштуу Инновация жана санариптик технологиялар агенттиги менен Ирандын илим жана технология боюнча вице-президентине караштуу Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү уюмунун ортосунда кол коюлган.
Иран технология тармагындагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет жана санариптик чөйрөдө Тажикстан менен өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүдө. Жаңы борбор эки өлкөнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн стимул болоору ошондой эле тажрыйба алмашууга, инновацияларды киргизүүгө, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө жана жогорку технологиялык секторго инвестиция тартууга шарт түзөрү күтүлүүдө.



















