Жети-Өгүз районундагы аты жок мөңгүгө «Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Бүгүн, 6-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Тема боюнча:
Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 354 жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.
Талкуунун журүшүндө депутат Дастан Бекешев Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы санына кызыгып, №354 мөңгү тууралуу маалымат сурады. Буга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев өлкөдө 8208 мөңгү бар экенин, анын 10унун расмий аталышы бар экенин айтты. «1970-жылдагы СССРдин каталогу боюнча №354 мөңгүнүн бийиктиги 4,5 км, аянты 8 чарчы км түзөт», – деп маалымдады Байдылдаев. Депутат Дастан Бекешев бул маалыматтар эскирип калганын белгилеп, маалыматтарды жаңылоо үчүн тиешелүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев ар кандай жаратылыш объектилерине белгилүү инсандардын ысымын ыйгаруу дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мөңгүгө сунушталган аталышты берүү дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары тарабынан Кыргызстанда көптөгөн объекттер курулуп, социалдык долбоорлор ишке ашып жатканын кошумчалады.
Андан тышкары, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.