Дүйнө жүзүндөгү аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн агымы 2024-жылы 9% га көбөйүп, 9,5 миллиард адамга жетти. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги Эл аралык аэропорттор кеңешине (ACI) таянып жазды.
Бул көрсөткүч пандемияга чейинки 2019-жылдагы деңгээлден 3,8% жогору.
Дүйнөдө эң көп жүргүнчү тейлеген аэропорт катары америкалык Атланта шаарындагы «Хартсфилд-Джексон» аэропорту калды — ал 108,1 млн жүргүнчүнү тейлеген (+3,3% 2023-жылга салыштырмалуу). Бул аэропорт Delta Air Lines авиакомпаниясынын негизги хабы болуп саналат.
Экинчи орунду, мурунку жылдагыдай эле, Дубай эл аралык аэропорту ээлеп, 92,3 млн жүргүнчүнү тейлеген (+6,1%), ал эми үчүнчү орунда АКШдагы «Даллас/Форт-Уэрт» аэропорту турат — 87,8 млн жүргүнчү (+7,4%). Төртүнчү орунга Токио шаарындагы «Ханэда» аэропорту (85,9 млн, +9,1%) көтөрүлсө, бешинчи орунга Лондондун «Хитроу» аэропорту (83,9 млн, +5,9%) түшкөн.
Андан кийинки орундарда Денвер, Стамбул, Чикаго, Нью-Дели шаарларынын аэропорттору жайгашкан. Ал эми онунчу орунду Кытайдын Шанхай шаарындагы «Пудун» аэропорту ээледи (76,8 млн жүргүнчү, +41%) — бул эң чоң өсүш көрсөткөн аэропорт болуп, 2023-жылы 21-орунда болчу.
ACI билдиргендей, дүйнөлүк жүргүнчү трафигинин 9%дан ашыгы дал ушул алдыңкы он аэропортко туура келет (855 млн жүргүнчү). Бул 2023-жылга салыштырмалуу 8,8%га көп жана 2019-жылга салыштырмалуу 8,4%га жогору.
Эл аралык аэропорттор кеңеши 2025-жылдын жыйынтыгында дүйнөлүк жүргүнчү агымы 4,8% көбөйүп, 9,9 млрд адамга жетет деп божомолдоп жатат.
2024-жылы авиажүк ташуулар 8,4% көбөйүп, 124 млн тоннаны түздү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,9%га жогору.
2024-жылы эң көп жүк өткөргөн аэропорт — Гонконг (4,94 млн тонна, +14,1% 2023-жылга салыштырмалуу), андан кийин Шанхай (3,78 млн тонна, +9,8%) жана Мемфис (3,75 млн тонна, -3,3%).
2024-жылы учактардын учуп-конуу саны 100 миллионго жакын болуп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,3%га көбөйгөн. Бирок, бул көрсөткүч 2019-жылдагы деңгээлден 2,6% төмөн бойдон калууда.
ACI дүйнөнүн 170 мамлекетиндеги 2,18 миңден ашык аэропортторду бириктирет.



















