Ирандын футбол боюнча улуттук курама командасы Түркмөнстандын футболчуларын 1:0 эсебинде утту. Оюн Ашхабад шаарында 26-мартта өттү. Беттештеги жалгыз голду жарым коргоочу Мехди Гайеди киргизди.
Бул беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болду.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Иран “E” тайпасында Өзбекстан, Гонконг жана Түркмөнстан курамалары менен ойнойт. Ар бир команда атаандашы менен өз талаасында жана конокто беттешет.
Ирандын курама командасы өзүнүн квартетиндеги турнирдик таблицада алдыда келе жатат. Экинчи орунда Өзбекстан, Түркмөнстан үчүнчү жана Гонконг төртүнчү орунда турат.

Ушул эле тайпадагы параллель беттеште Өзбекстан Гонконгду 3:0 эсеби менен жеңип, Иран менен упайларын теңей алды.
Өз талаасында болгон беттештерде Иран Гонконгду (4:0) жана Түркмөнстанды (5:0) эсеби менен утуп алган. Ал эми Иран менен Өзбекстан Ташкенттеги «Бунедкор» стадионунда өткөргөн беттеште 2:2 эсеби менен тең чыккан.
Эми Түркмөнстан калган эки оюнда 6-июнда Өзбекстанга конокто болот, 11-июнда Гонконг менен беттешет. Ирандыктар болсо 6-июнда Гонконг менен беттешсе, 11-июнда өзбектерди кабыл алат.
2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, 26-мартта Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэйин 5:1 эсебинде жеңди.















