Чили парламенти шайлоого катышпаган жарандарды айыпка жыгуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.
Чили парламентинин төмөнкү палатасы шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салууну караган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Ага ылайык, шайлоого катышпаган чилилик жаран 34,4 миңден 206,7 миң песого чейин ($34–$216) айып пул төлөшү мүмкүн. Документте шайлоого ден соолугуна байланыштуу же башка жүйөлүү себептер менен келбей калган жарандар жоопкерчиликке тартылбай турганы баса белгиленген.
Ошондой эле шайлоого катышкан чилилик жарандар айрым мамлекеттик кызматтарды пайдаланууда артыкчылыкка ээ болушат.
23-апрелде Москвада шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук кылган пенсионерге өкүм чыккандыгы белгилүү болгон.
26-мартта Молдовадагы бийликтеги «Амал жана тилектештик» партиясы интернеттеги жалган маалыматтар үчүн жоопкерчилик каралган мыйзам долбоорун артка кайтарганы маалымдалган.
Буга чейин Россиядагы бир университет Мариуполго иштөөгө баруудан баш тарткан студентке каршы сотко кайрылганы айтылган.
Ал эми Кыргызстанда шайлоолорго катышып, добуш берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Эч кайсы мамлекеттик орган шайлоочуну мажбурлап добуш берүүгө укугу жок.

















