Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн батир жана кеңселерди сатып алуу планы боюнча пикирин “Кабар” агенттигине билдирди.
Мамлекет башчы аталаган агенттиктин журналистинин суроолоруна жооп берип жатып, “Ижарага алып келген кеңселер, ижарага алып жашап жүрүшкөн батирлер казынага оорчулук келтирип келген.
Бир эле мисал келтирейин. Калгандары баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир.
Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр.
Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз”,- деди С. Жапаров.
Президенттин айтуусунда, 30 өлкөдө элчиликтерибиз, 11 өлкөдө консулдуктарыбыз, БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат жана баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет. Ошондуктан бир жолу сатып берип койсок, ал батирлер менен кеңселер түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп кала берет.
С. Жапаров кеңселерди, батирлердин сатылып алынышы менен мамлкеттик казынага эбегейсиз суммадагы акчаларыбыз үнөм болушун белгилеген.
Мындан тышкары ал, “Чет өлкөдө буга чейин үч эле өлкөдө өзүбүздүн кеңсебиз бар экен.
Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр.
Үчүнчүсү Москвада.
Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат. Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек. Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем. Азыр иштер жүрүп жатат. Бардык өкүлчүлүктөргө кеңселик жай, батир сатып берип жатабыз”,- деп баса белгиледи мамлекет башчы.



















