БУУнун Башкы ассамблеясынын пленардык жыйынында авиакырсыктан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раисинин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
“Тилекке каршы, 2024-жылдын 19-майында каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раисинин элесин эскерүү боюнча кайгылуу милдет мага жүктөлгөн. Башкы ассамблеянын атынан Ирандын Туруктуу өкүлүнөн Иран Ислам Республикасынын өкмөтүнө, элине жана Улуу Даражалуунун үй-бүлөсүнө көңүл айтуубузду өтүнөм”, – деди чогулгандарга кайрылган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын төрагасы Деннис Фрэнсис.
Андан соң ал Башкы ассамблеянын мүчөлөрүнөн Ирандын президенти Сейед Ибрахим Раисиге урмат көрсөтүү максатында өз орундарында туруп, бир мүнөт унчукпай турууларын суранган.
Маалыматтарга караганда, келерки аптада БУУнун Башкы ассамблеясы Ирандын маркум президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдуллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдарды эскерүү аземин өткөргөнү жатат.
Жыйында Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын төрагасы Деннис Фрэнсис иш-чара 30-майга пландалганын билдирди.
Күн мурун Фрэнсис Иран Ислам Республикасынын Нью-Йорктогу өкүлчүлүгүнө барып, каза болгон президент Раиси жана башка жогорку кызматтагы адамдарды эскерүү үчүн дипломатиялык мемориалга кол тамгасын калтырган. Аны Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Ирвани тосуп алган. Фрэнсис Ирандын өкмөтүнө жана улуу элине, ошондой эле бул авиакырсыктын курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан.
Буга чейин Иран президенти, тышкы иштер министри жана алардын сапарлаштарынын элеси БУУнун Коопсуздук Кеңешинде унчукпай туруу менен эскерилген. Ошондой эле БУУнун желеги да жарым ылдый түшүрүлгөн. Мындан тышкары, 50дөн ашуун өлкөнүн элчилери жана өкүлдөрү Ирандын БУУдагы өкүлчүлүгү жайгашкан жерде ачылган эскерүү китебине кол тамга калтырышкан.
Эске салсак, Ирандын 64 жаштагы президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган.
Тик учакта Раиси жана Абдоллахияндан тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.
Маркумдардын сөөгү 23-майда жерге берилди.
Ибрахим Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарындагы Реза имамынын мавзолейинде, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарындагы Абдоль Азим мавзолейине коюлду.


















