БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Газадагы гуманитардык кризистин курчушуна терең тынчсыздануусун билдирип, дагы бир жолу аймакта ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырды.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Гутерриш акыркы күндөрү палестиналыктар баш калкалаган же адамдар тамак-аш алуу үчүн чогулган жерлерге кайталанган кол салуулар көп сандаган палестиналыктын каза болушуна жана жараланышына алып келгенин билдирди.
БУУнун баш катчысы карапайым калктын өлтүрүлүшүн катуу айыптап, бир күндө Израилдин жаңы эвакуация буйруктары 30 миңге жакын кишинин коопсуз жайсыз, тамак-аш, дары-дармек жана ичүүчү суусуз качуусуна себеп болгонун кошумчалады.
“Эл аралык гуманитардык укук – жарандык калк урматталууга жана корголууга тийиш жана алардын негизги муктаждыктары камсыз кылынышы керек” – деп белгиледи ал.
Баш катчы Газада күйүүчү май 17 жумадан бери жеткирилбей жатканынан жана жашоону камсыздаган акыркы байланыштар үзүлүп баратканына өтө тынчсыздануусун билдирди.
“Тез арада күйүүчү май берилбесе, жаңы төрөлгөн балдардын борборлорунун иши токтоп, жарадарларга жана оорулууларга тез жардам унаалары жетпей, суу тазаланбай калат”, – деди Гутерриш.
БУУнун Башкы катчысы дагы бир жолу гуманитардык жардамдын толук, коопсуз жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга чакырды.
Гутерриш БУУнун кай жерде болбосун, жарандарга өмүрүн сактап калуучу жардамдарды жеткирүүнү камтыган гуманитардык принциптерге негизделген ачык-айкын жана далилденген планы бар экенин айтты.
Бардык тараптар эл аралык укук боюнча өз милдеттенмелерин сактоого тийиш экенин баса белгилеген БУУнун баш катчысы дагы бир жолу “туруктуу жана токтоосуз ок атууну токтотууга жана бардык барымтадагыларды токтоосуз жана шартсыз бошотууга” чакырды.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, израилдик режимдин Газа тилкесине кол салуусу башталгандан бери жалпы курмандыктардын саны 57 120га, жаракат алгандар 134 миң 592ге жетти.


















