Палестинанын Газа тилкесинде ар бир бешинчи бала чала тамактануудан жапа чегип жатат.
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) башкы комиссары Филипп Лаззарини 24-июлда билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 23-июлда Газа тилкесинде тамак-аштын жетишсиздигинен каза болгондордун саны кескин өскөнүн билдирген. 2025-жылы уюм Газада чала тамактануудан беш жашка чейинки 21 бала көз жумган учурду документтештирген.
“UNRWAнын акыркы маалыматтарына ылайык, Газа шаарында ар бир бешинчи бала чала тамактануудан жапа чегүүдө, анткени мындай учурлардын саны күн сайын өсүүдө”,- деди Лаззарини Х социалдык тармактагы баракчасында.
Ал белгилегендей, UNRWA бригадасынын көзөмөлүндөгү балдардын көпчүлүгү алсыз, арыктаган жана аларда өлүм коркунучу жогору, аларды тез арада дарылоо керек, болбосо өлүм коркунучу жогору.
“Иш алып барып жаткан UNRWAнын медициналык кызматкерлери күнүнө болгону бир аз гана тамак жеп жатышат… Алар барган сайын иш учурунда ачкадан улам эс-учун жоготуп жатышат. Ата-энелер балдарына кам көрүүгө абдан алсыз, ачка. UNRWA клиникаларына жеткендердин медициналык кеңештерди аткарууга тамак-ашы, энергиясы жана эч кандай каражаты жок. Алардын өмүрү коркунучта”, – деп билдирди БУУнун комиссары.
















