Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва БУУнун Коопсуздук кеңешине Азия, Африка жана Латын Америкасы өлкөлөрүн туруктуу мүчө катары кошуу менен анын курамын кеңейтүүнү сунуштады.
«Биз туш болуп жаткан ишеним кризисин жеңүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешине терең өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Аны легитимдүү, өкүлчүлүктүү, натыйжалуу жана демократиялуу кылуу зарыл. Азиядан, Африкадан, Латын Америкасынан жана Кариб бассейнинен жаңы туруктуу мүчөлөрдү кошуу керек», — деди Лула БРИКС саммитинде сүйлөп жатып.
Анын айтымында, мындай реформалар БУУнун жашоосун камсыз кылуу үчүн керек. «Бул процессти кечеңдетүү дүйнөнү туруксуз жана кооптуу кылат», — деп кошумчалады Бразилия лидери.
Белгилей кетсек, апрель айында БРИКС өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде Бразилия менен Индиянын, БУУнун, анын ичинде Коопсуздук кеңешинин, иштеринде көбүрөөк роль ойноого умтулууларына колдоо көрсөткөн.
Азыр БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай, ТАР, БАЭ, Иран, Эфиопия, Египет жана Индонезия мүчө.



















