Борбордук Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (ПБАМКК) саммити 5-майда Самаркандда өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Борбордук Азия — ПБАМКК форматындагы тышкы иштер министрлеринин үчүнчү жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди.
Саидовдун айтымында, алдыдагы саммит региондор ортосундагы алаканы чыңдоодо маанилүү этап болмокчу.
Бул форматтагы биринчи саммит 2023-жылдын июль айында Сауд Аравиянын Жидда шаарында өткөн. ПБАМККга алты өлкө кирет: Сауд Аравиясы, БАЭ, Кувейт, Бахрейн, Оман жана Катар.





















