Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетин айыпташты.
КР президенти Садыр Жапаров 14-июлда жасаган билдирүүсүндө Трампка кол салуу аракетин кескин айыптап, анын тезирээк сакайып кетишин каалаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
«Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм. Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез айыгуусун каалайм», – деп айтылат билдирүүдө.
Ушундай эле билдирүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жасап, Трамптын өмүрүнө кол салуу аракетин кескин айыптап, анын тезирээк сакайып кетишин каалаганын, Акорда билдирди.
Өзбек лилдери Шавкат Мирзиёев зордук-зомбулук актысын кескин айыптап, Дональд Трамптын тезирээк сакайып кетишин каалады, деп билдирет Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы өзүнүн Telegram-каналында.
«Президент Шавкат Мирзиёев Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамптын Пенсильвания штатында шайлоо өнөктүгүндө анын өмүрүнө кол салуу болгондугу тууралуу кабарды терең тынчсыздануу менен кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.
Түркмөнстандын Тышки иштер министрлиги АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуу болгондугу тууралуу кабарды терең тынчсыздануу менен кабыл алганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
“Түркмөн тарап бул зомбулукту кескин айыптайт жана Дональд Трамптын тезирээк сакайып кетишин каалайт. Түркмөнстан терроризмдин бардык түрлөрүнө, ошондой эле коомдо чыңалууну жараткан саясий зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык аракеттердин активдүү катышуучусу”,- деп айтылат билдирүүдө.
Тажикстан азырынча бул боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.
Эске салсак,13-июлда АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трампка Пенсильвания штатында шайлоочулардын алдында сүйлөп жатканда кол салуу аракети болгон. Трамптын кулагына ок тийген. Трампты жансакчылары жана атайын кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерден дароо алып чыгып кетишкен. Атышуу учурунда жыйынга келгендердин бири каза таап, экөө жараат алган.
Аткан кишини дароо жок кылынган. Ал 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс аттуу жергиликтүү тургун экени белгилүү болду.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген.















